Жалгыз өзү, өзүнчө, айрым. Жекече сүйлөшүү. Кошумча сабакты жекече өткөрүү. || Айрым, бөтөнчөлөнгөн, өзгөчөлүгү бар. Ар бир окуучунун жекече мүнөзүн билүү керек.
жекече жарыя (кулактандыруу)
жеке чыгуу
ЖЕКЕЧЕ КАМСЫЗДОО ЭСЕБИ – камсыздандырылган жактын баардык эмгек ишмердүүлүгүнүн мезгил аралыгындагы жана бааракыны дайындоо, өлчөмүн аныктоо же кайра эсептөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыз кыла турган камсыздандырылган жак жөнүндө социалдык камсыздоо органдары тарабынан топтолгон малыматтардын жыйындысы; камсыздандырылган жактын далдаштырылган номери ал эсептин номери болуп саналат.
ЖЕКЕЧЕ КОРГОНУУ – башка мамлекеттин куралдуу колсалуусунан улам бузулган өзүнүн саясий көзкарандысыздыгын, аймактык бүтүндүүлүгүн жана колтийгистигин калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан колдонула турган жооп иретиндеги куралдуу аракет (БУУ Уставынын 51-статьясы).
ЖЕКЕЧЕ ПИКИР – кылмыш-жаза принциби; Ж. п. – ыйгарым укуктуу органдар тарабынан коомго коркунучтуу жосун жасаган жакты кылмыш жоопкерчилигине тартып, ага жаза дайындоо маселесинин чечилишинде, жасаган кылмышы менен анын кесепеттерине карата күнөөкөрдүк мамилеси гана көңүлгө алынбастан, кылмыш жасоо маалындагы кылмыштын жекече тарабынын факультативдик белгилери да (жүйөсү, максаты, эмоциялык абалы) эске алынат.
ЖЕКЕЧЕ ТИНТҮҮ – бажы көзөмөлүнүн адаттан тыш таризи. КР бажы мыйзамдарына ылайык, КР мамлекеттик чегарасынан өтүп бараткан жана бажы көзөмөлүнүн аймагында же аэробекеттин эларалык катнаш үчүн ачылган транзиттик тилкесинде турган жеке жак КР бажы аймагына ташылып кирүүгө жана ташылып чыгууга тыюу салынган товарды жашырып койгондугуна же мыйзамда каралган тартипти бузуу менен өтүп бараткандыгына негиз болгондо гана бажы органынын башчысынын же аны алмаштырган кызмат адамынын чечими боюнча Ж. т. жүргүзүлөт. Ж. т. бирдей жыныстагы бажы органынын кызмат адамы тарабынан ошол эле жыныстагы эки күбө-калыстын көзүнчө санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген өзүнчө жайда жүргүзүлөт. Тинтилген адамдын денебоюн медициналык кызматкер гана карай алат. Ж. т. жөнүндө КР мыйзамдары боюнча аныкталган таризде акт түзүлөт.
ЖЕКЕЧЕ УКУК – жекече кызыкчылыгын канагаттандырууга байланыштуу максаттарга жетүүгө багытталган жарандардын же уюмдардын мүмкүн болгон жүрүм-туруму мыйзам тарабынан камсыз кылынган чаралар. Укук жөндөмдүүлүгү, т. а. укукка ээ болууну жалпы (шарттуу) жөндөмдүүлүгү Ж. у-тун белгиси болуп саналат. Ж. у. – айкын укук мамилелеринин зарыл катышы, демек, юридикалык фактынын негизинде келип чыгат. Ж. у. өзалдынча белгилүү бир аракеттерди (жүрүм-турумду) жасоо мүмкүнчүлүгүн да, ошондой эле башка жактардан белгилүү бир жүрүм-турумду (аракет кылуу же андан кармануу) талап кылуу мүмкүнчүлүгүн да өзүнө камтып турат, анткени, мындай жүрүм-турум Ж. у-ту жүзөгө ашырууну шарттап турат. Ж. у-ту бузуучуларга карата сотто же ыйгарым укуктуу органдарда кине коюу жолу менен, Ж. у. мыйзам тарабынан корголот.
ЖЕКЕЧЕ УКУК – адамга туулгандан тартып эле таандык болгон жана анын кандайдыр бир мамлекет менен байланышына көзкаранды болбогон табигый жана ажыратылгыс негизги укук менен эркиндиктеринин жыйындысы. Ж. у. менен эркиндик адамдын укуктук статусунун негизин түзөт. Ага адамдын жашоо, эркиндик, денебой жактан бүтүндүүлүк жана жекече колтийбестик укуктары; кыйноого алынбоо же адамдык беделине катуу доо келтире турган жазалоолорго алынбоо укуктары; ар-намысын жана өз атын таза сактоо, эркин жүрүү жана жашоочу жерин эркин тандап алуу укуктары; өз өлкөсүнөн кетүү жана каалаган учурунда кайрылып келүү укуктары; соттук коргоого жана сот акыйкатына, дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө укук объектиси катары таанылууга укуктары; өз оюн ачык билдирүү, адептик жана ишеним эркиндиги; сөз эркиндиги жана аны билдирүү укуктары; өз улутун эркин аныктоо жана эне тилин пайдалануу ж. б. укуктар кирет. КРде Ж. у. мыйзам тарабынан кепилдикке алынат.
ЖЕКЕЧЕ ЭМГЕК ТАЛАШТАРЫ – КР эмгек мыйзамдарына ылайык, жумуш берүүчү менен жумуш аткаруучунун ортосундагы жөнгө салынбаган төмөндөгү маселелер кирет: кызматчыга жаңы эмгек шартын түзүү же болгон шартты өзгөртүү; эмгек жөнүндөгү мыйзамдарды, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди, уюмдардын жергиликтүү ченемдик актыларын, ошондой эле эмгек келишиминин шарттарын (доо мүнөзүндөгү талаштарды) колдонуу Э. т-н кароо органдары, же болбосо сот тарабынан каралат.